Жаңылыктар
Бишкек - Ош унаа жолундагы жол оңдоо иштери убактылуу токтоду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Ош унаа жолундагы жол оңдоо иштери убактылуу токтоду

Жамгырлуу аба ырайынан улам, Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Суусамыр аймактарындагы жолду оңдоо иштери убактылуу токтотулду. Мындан улам жолду оңдоого жоопкерчиликтүү болгон мамлекеттик дирекция бул көрүнүшкө айдоочуларды түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүндү. 

Учурда Төө-Ашуу жана Суусамыр аймагындагы убактылуу токтоп турган жумуштар күн ачылары менен кайра башталат. Азыркы тапта Бишкек — Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы 132-138-чакырымына жети сантиметр калыңдыктагы асфальт төшөлдү. 

Суусамыр өрөөнүндөгү 148-152-чакырымына калыңдыгы жети сантиметрге жеткен жаңы бетонду төшөө үчүн эски жолдун үстүңкү катмары кырылып жатат. Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы бул дирекция технологиялык талаптар боюнча жаан-чачын маалында асфальт төшөөгө болбостугун айтты.