Жаңылыктар
Сереп: жол кырсыктары өсүүдө
Кырсык
Сереп: жол кырсыктары өсүүдө

Кыргызстанда жол кырсыктары күн санап өсүп баратат. Расмий маалыматтарга караганда, ушул жарым жыл ичинде эле 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталган. Жол кырсыктын кесепетинен 300дөй киши каза тапса, 3800дөй киши ар кандай жаракат алган. Өлкөнүн Жол кайгуул күзөт башкармалыгы тараткан маалыматта кырсыктардын дээрлик көпчүлүгү айдоочулардын айыбынан. 

Маалыматка ылайык, 17-июлда Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши кезектеги жыйынга чогулуп, күн тартибинде өлкөдөгү жол кырсыгын азайтуу боюнча чараларды көрүү, жол коопсуздугун күчөтүү тууралуу маселени талкууга алат.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"