Жаңылыктар
Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетти
Экономика
Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетти

Бир кезде коңшулар биздин жарыкты өчүрүп коёт деп корксок, эми биз эмес, алар жалдырай турган заман келди. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев 12-июлда маданият, саламаттык жана билим берүү тармагынын кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып билдирди. 

Өлкө башчынын пикирин талдоочулар да бекемдейт. Акыркы жылдары өлкөдө электр таңкыстыгы жоюлуп, кышында да өчүрүлүүлөр токтоду.

Кийинки жылдардан тарта Кыргызстан КАСА 1000 долбоорунун алкагында Пакистан менен Афганистанга электр энергиясын экспорттоону көздөп жатса, Чех компанияларынын жардамы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, андан сырткары 10 чакан ГЭС курула тургандыгы белгилүү болду. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"