Жаңылыктар
Санкт-Петербург шаарындагы өрттөн жети киши каза болду
Дүйнө
Санкт-Петербург шаарындагы өрттөн жети киши каза болду

Санкт-Петербург шаарынын Колпино районундагы чыккан ири өрттөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти. 

Буга чейин өрттөн жети киши каза болгондугу, анын бардыгы Өзбекстандын жарандары экендигин айтылган. Колпино аймагында тротуарга төшөй турган каражаттарды чыгаруучу кампа сымал жай өрттөнгөн. 

Өртү өчүрүүгө ӨКМдин 33 кызматкери тартылган. Жалын 600 чарчы метр аймакты каптаган.