Жаңылыктар
Мыкты жана начар иштеген компаниялардын рейтинги жарыяланды
Экономика
Мыкты жана начар иштеген компаниялардын рейтинги жарыяланды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун байкоочу кеңеши мыкты жана эң начар иштеген компаниялардын рейтингин жарыялады. Изилдөө бир нече категория боюнча жүргүзүлүп, активдери, ишмердүүлүгү, киреше, чыгашалары эске алынды. 

Алдыңкы жетекчилердин катарына "Манас" аба майданынын жетекчиси Эмир Чукуев, "Альфа Телекомдун" башчысы Азат Базаркулов жана "Улуттук энергохолдингдин" төрагасы Айбек Калиев кирди. 

Ал эми начар иштеген компаниялардын сап башында "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму", “Кыргызалтын", "БМЗ" жана "Айдаркен сымап комбинаты" турат. 

Кыргызстанда мамлекеттин үлүшү бар компания жана акционердик коомдордун саны 1 миң 130га жетет. Алардын ичинен 166 ишкана гана иштеп жатканы аныкталган.