Жаңылыктар
Тогуз коргоол боюнча курамабыз Чехияда өткөн мелдешке катышат
Спорт
Тогуз коргоол боюнча курамабыз Чехияда өткөн мелдешке катышат

12-21-июль аралыгында Кыргызстандын тогуз коргоол курамасы интеллектуалдык оюндар боюнча 28-эл аралык Олимпиада оюндарына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

Спорттук саамалык Чехиянын Пардубица шаарында өтөт. Курамабыз башкы машыктыруучу Нурия Султанмуратованын жетекчилиги алдында барышат. 

Оюндарга катыша турган тогуз коргоочулар:

1. Анарбек Джамакеев
2. Чолпон Кендирбаева
3. Жаныл Сагынбековасы 

Спортчулардын чыгымын Улуттук оюндарды өнүктүрүү Дирекциясы көтөрүп, 874 миң сом бөлүндү.