Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев өлкөнүн каржы маселеси тууралуу маалымат алды
Экономика
Алмазбек Атамбаев өлкөнүн каржы маселеси тууралуу маалымат алды

Президент Алмазбек Атамбаев ушул жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышы, анын киреше бөлүгүн бекемдөө үчүн көрүлүп жаткан чаралар жана келерки жылга болгон башкы финансылык документтин болжолдуу көрсөткүчтөрү тууралуу финансы министри Адылбек Касымалиевден маалымат алды. 

Министр - бюджеттик чыгашалардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, социалдык милдеттердин аткарылышы жана бюджетти толуктоонун мындан аркы механизмдерин ишке ашыруу аракеттери тууралуу дагы айтып берди. Өлкө башчысы - башка мамлекеттик органдар менен биргеликте жасалган макроэокомикалык туруктуулукту сактоо жана экономикалык өсүштү бекемдөө зарыл экенин баса белгиледи.