Жаңылыктар
УКМК: паспорттук каттоо бөлүм кызматкери 3 миң доллар пара менен кармалды
Коррупция
УКМК: паспорттук каттоо бөлүм кызматкери 3 миң доллар пара менен кармалды

Борбор калаадагы Свердлов районунун паспорттук-визалык жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Паспорттук столдун кызматкери чет элдик жарандан документтерин кабыл алып, андан соң иммигрант макамын даярдап берүү үчүн ири сумманы талап кылган", — деп айтылат билдирүүдө. 

Бул факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин "опузалап пара талап кылуу" жана "кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган аял УКМКнын убактылуу кармоочу абак жайына камалып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.