Жаңылыктар
Дүйнө өлкөлөрүндөгү паспорттордун визалык мүмкүнчүлүк деңгээлдери
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнө өлкөлөрүндөгү паспорттордун визалык мүмкүнчүлүк деңгээлдери

«Passport Index» порталы визалык мүмкүнчүлүктөр деңгээли боюнча өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Казакстан менен Кыргызстандын паспорттору Борбор Азияда “эң күчтүү” деп таанылды. 

Паспорттун “күчү” визасыз кирүүгө боло турган өлкөлөрдүн саны менен бааланат. Казакстандын жарандары 71 мамлекетке виза ачтырбай эле бара алат. Бул ага рейтингден 56-орунду камсыз кылды. Кыргызстандыктар болсо 58 өлкөгө визасыз бара алгандыгы менен тизмеде 68-орунду ээледи. Тажикстан 71-орунда турса, Түркмөнстан 77-орунда калды. 

Биринчилик Германия менен Сингапурда - бул өлкөлөрдүн тургундары үчүн 158 мамлекеттин эшиги ачык. Экинчи сапта Швеция менен Түштүк Корея, булар 157 өлкөгө эркин кирип чыга алат. Алдыңкы үчилтикти дароо тогуз өлкө толуктайт: Дания, Финляндия, Франция, Италия, Испания, Норвегия, Япония, Улуу Британия жана АКШ - ар бири 156 өлкөдөн. 

Орусия 39-болуп жайгашты, анын жарандарына 108 өлкө ачык. Тизменин соңунда Ооганстан турат, ал 94-баскычты алды. Бул өлкөнүн паспортунун ээлери визасы жок болгону 24 гана өлкөгө чыга алат.