Жаңылыктар
Россияда жарандарыбыз өздүк айдоочулук күбөлүктөрү менен иштей алышат
Кыргызстан жаңылыктары
Россияда жарандарыбыз өздүк айдоочулук күбөлүктөрү менен иштей алышат

Россиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстандын жарандарына өздөрүнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берүүчү мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Бул тууралуу "Коммерсант" гезити маалымдады. Билдирмеге караганда, "Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө" жана административдик мыйзам бузуу мыйзамына тийиштүү толуктоолор киргизилет. Мыйзам долбооруна ылайык, орус тили расмий статуска ээ болгон мамлекеттен келгендерге Россияда транспорт каражаттарын өздөрүнүн айдоочулук күбөлүгүн колдонуп айдоого уруксат берилет. 

Белгилей кетсек, 1-июндан тарта Россияда чет элдик айдоочулук күбөлүгү менен транспорт айдоого тыюу салынган. Кыргызстан аталган маселе боюнча Евразиялык экономикалык комиссияга ЕАЭБдин мүчөсү катары кайрылган. Мындан улам Мамдуманын КМШ иштери боюнча комитети Владимир Путинге кайрылып, Кыргызстандын жарандарына өздөрүнүн улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берүү маселесин карап чыгууну суранган. Алар ошондой эле Кыргызстанда орус тилинин расмий статусу бар экенин жүйө келтиришкен.