Жаңылыктар
Жол кырсыгы канткенде азаят?
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кырсыгы канткенде азаят?

Өлкөдөгү жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча алты багыттан турган иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты. 

Маселе 17-июлда президенттин төрагалыгы астында өтүүчү коопсуздук кеңешинин отурумунда каралат. Белгилей кетсек, 25-апрелде мамлекет башчы тарабынан өкмөткө жана коопсуздук кеңешинин катчылыгына көйгөйдү чечүү боюнча тийиштүү иш-чараларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. 

Камсыздандыруу ишканасынын маалыматында, 2016-жылы - 5868 жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 938 адам көз жумуп, 8892 киши денесинен ар кандай деңгээлде жаракат алган. Балдар аралашкан 1575 кырсык болуп, 128 өспүрүм өмүр менен кош айтышкан. 1754 бала жаракат алган. Жол кырсыктарынын 58% жөө жүрүүчүлөр, 37% жүргүнчүлөр, 5% велосипедчилер менен балдарды сүзүп же жөөлөп өтүүдөн улам болгон. 2017-жылдын 4 айында өлкө боюнча 1684 жол кырсыгы катталган. Андан 202 адамдын өмүрү кыйылган. 11 балдар. 336 өспүрүм майыптык алган. 

Кырсыктын башкы себеби - айдоочунун жоопкерчиликсиз рулга отурганы. Жол эрежесин тоготпой, ылдамдыкты ашыра айдап, карама-каршы жолго капысынан чыга калуу, жол чырактагы кызыл күйүп турса да, өтүп кетүүгө аракет кылуу кайгылуу кырсыктарга айлып келүүдө. Патрулдук милиция кырсыктын бардык түрүн каттоого алат. Бирок, бардык эле учурда мыйзам бузган айдоочу жоопкерчиликке же жазага тартыла бербейт. Анын ордуна тараптар абалдан жеңил кутулууга аракет көрүшөт. Ал өз ара сүйлөшүп бүтүрүүчү системага эбак айланганы жашыруун эмес. Сүйлөшүп бүтүрүү демекчи, өлкөдө айдоочулук күбөлүктү алуу да эң жөнөкөй. Адистер аны окубай эле сатып алса болоорун айтып келишет. Күбөлүктү берген мекеме ишканалар муну жакшы бизнеске айлантып алышкан. 

Жөө адамдар дагы кырсыктын себепкерлеринин бири. Алар көрсөтүлгөн атайын жайдан өтпөй, ойду-келди же капысынан жолго чыга калып, аварияга алып келишет. Айдоочу да жөө жүргүнчү да жол эрежесин сактаса көп кырсыктар болбойт эле - дешет адистер.