Жаңылыктар
ЕАЭБ: мөмө-жемиш сатуунун жолдору
Экономика
ЕАЭБ: мөмө-жемиш сатуунун жолдору

Кыргызстанда бышкан мөмө-жемиш, өсүмдүктөр четинен ЕАЭБ аймагына экспорттолуп жатат. Сырттан кирген продукцияга ар бир өлкө сөзсүз түрдө фитосанитардык сертификат жана сатылчу азык тууралуу маалымат кагазын талап кылат. 

Бул ирет алма жүктөгөн 2 камаз Россиянын Урал аймагына сапар алат. Өлкөдөгү 2 чоң логистикалык борбордун биринде иш кайнап жатканы көрүнөт. Бул жерде жыйналган түшүмдүн түрлөрү жууп, тазаланып, иреттелип муздаткычка киргизилет. Акырында маркировкадан өтөт. Тактап айтканда салынган идишке өсүмдүк жөнүндө маалымат чапталып, бул өзүнчө эле экспортко чыккан азыктын паспорту катары саналат.

2 жыл мурун ачылган борбор аркылуу 2016-жылы 3 жарым мин тонна азык сыртка чыккан. Быйыл жарым жылда ал көрсөткүч 5 миң 400 тоннага жеткен. Логистикалык борбор экспорт кылчу товарды Кыргызстандан гана эмес коңшу өлкөлөрдөн бери ташып келүүдө.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон тарта фитосанитардык сертификат алып түшүмүн экспорт кылган жер иштетүүчүлөрдүн саны өскөн. Буга чейин жылына болжол менен 40 миңдей адам өсүмдүктөрдүн карантини департаментине кайрылса, 6 айдын жыйынтыгы көрсөткөндөй 30 миң фермердин колуна сертификат тийген. Ал ортодо айрым дыйкандар эч кандай тиешелүү кагазы жок эле түшүмүн сыртка ташып, артка кайткан учурлар да катталган.

Өлкө аймагында чоң кичине дебей 50 логистикалык борбор иштеп жатат. Дагы 16сы курулуунун үстүндө. Айыл чарба адистери фермерлерге алган түшүмүн ушундай жайларга алып келсе пайда көрмөк деп кеңеш берет.

Өлкөдө экспортко тоскоолдуксуз жол ачууга көп иштер жасалууда. Мөмө жемиштен сырткары, эт, сүт балык жана бал азыктарын өндүргөн ишканалар атайын тизмеге кирип продукцияларды чыгарууда.