Жаңылыктар
Ар бир адам билим алууга укуктуу
Билим
Ар бир адам билим алууга укуктуу

Билим берүү министрлиги мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарга билим берүүнү күчөттү. Бул үчүн ыктыярчылар жардамга тартылган. 

Айпери 24 жашта. 9-классты бүттү деген күбөлүгү бар. Бирок, алган билими бул документке жооп бербейт. Мугалимдер аны 1 жумада 2 жолу үйүнө келип окутушкан. Билим алууга суусап, келечеги үчүн күрөшкөн Айпери азыр дагы ыктыярчы мугалими менен ашкана-кафелерден жолугуп, окуп жатышат. Алдына койгон максаты чоң. 

Гүлмайрам башында дарыгер болгусу келген. Бирок, ал химия жана биология сабактарын эч качан окуган эмес. Башка сабактардан дагы үзгүлтүккө учураган.

Мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын “Назик кыз” коомдук фондунда 30дан ашык кыздар бар. Алар ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу менен алек. Алар толук кандуу жашоого умтулуп, билим алууга далалаттанышат. 

Өзгөчө балдардын билим алуусунда өксүк болбошу үчүн азыр билим берүү министрлиги аймактарда пилоттук класстарды ачууну пландап жатат. 

Азыр Кыргызстанда адистештирилген 14 мектеп-интернат жана өзгөчө балдарды окуткан 5 атайын мектеп бар. Аларда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 7ден 18 жашка чейинки курактагы 3 миңден ашык балдар жашайт.