Жаңылыктар
“Ысык-Көл досторун чакырат” этно-карнавалы
Маданият
“Ысык-Көл досторун чакырат”  этно-карнавалы

Бишкекте “Ысык-Көл досторун чакырат” деп аталган этно-карнавалдын ачылыш аземи болуп өттү. Буга Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана алыскы Индия мамлекетинен жаш таланттар келишкен. Карнавалдын уландысы 15-июлда Ысык-Көл облусунда башталып, катышуучулар өздөрүнүн талантын эс алуучулар менен жергиликтүү элге тартуулашат. 

Балдардын “Ысык-Көл досторун чакырат” аттуу этно-карнавалы алгач салтанаттуу жүрүш менен башталды. Борбордук көчөлөрдү аралап өткөн жөө жүрүш Жеңиш аянтына токтоп, өчпөс отко гүлчамбарлар коюлду. 

Кыргыз жеринде өтүп жаткан карнавалга Индия, Өзбекстан, Орусия жана Казакстандан келген жаш таланттар катышууда. Булар өнөрүн кыргыздын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгиндеги жергиликтүү эл менен конокторго тартуулашат. 

“Биз Орусиядан келдик. Карнавалга жакшы даярдыктар менен келдик. Буйруса алдыңкы орунду алабыз деп турабыз. Ал үчүн 3 бийди тартуулайбыз. 

Ал эми бул Каракалпакстандан келген бий тобу биринчи жолу чет жакка чыгып жатышыптыр. Ошентсе да, иш-чарага болгон даярдыктары жакшы. Алар карнавалда өздөрүнүн улуттук бийин тартуулашат.

“Биздин Бишкекке биринчи ирээт келдик. Ал эми кыздар аябай даярдык көрдү. Каракалпак элинин маданиятын чагылдырган бийлерди карнавалда тартуулайбыз.”