Жаңылыктар
КСДП партиясы президенттикке талапкер катары Жээнбековду көрсөттү
Саясат
КСДП партиясы президенттикке талапкер катары Жээнбековду көрсөттү

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан социал-демократтар партиясынан Кыргыз Республикасынын президенттигине бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлдү. 

Мындай чечим бүгүн партиянын кезектеги 16-съездинде кабыл алынды. Жыйындын күн тартибине эки маселе коюлуп, алгач КСДП партиясынын акыркы алты жылда аткарган иштери боюнча маалымат берилип, экинчи маселе Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөтүү маселеси болду. Жээнбековдун талапкерлигин съездге катышкан 674 делегат бир добуштан колдоп, каршы жана калыс кол көтөргөндөр болгон жок. 

Съездде партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү, аймактардан келген делегаттар да сөз сүйлөшүп, Жээнбеков өкмөт башчы катары бир топ ийгиликтү иштерди жасаганын жана мындан ары да буга чейин партия тарабынан аныкталган өлкөнүн өнүгүү багытын улантарын белгилешти. 

Өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков ага партиялаштары тарабынан көрсөтүлгөн ишенимге ыраазычылыгын билдирип, бүгүн өзүнө чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн жана үмүттү актоого болгон күч аракетин жумшаарын билдирди.