Жаңылыктар
Тышкы саясат талкууланды
Саясат
Тышкы саясат талкууланды

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына жакында Австрияда өткөн ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин бейрасмий конференциясынын жыйынтыктары, ошондой эле Уюмдун катышуучу-мамлекеттеринин делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыктары туурасында маалымат берди. 

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын чет элдик негизги өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну өнүктүрүүнүн маанисин белгилеп, Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына артыкчылык берүү менен, тышкы саясий багытты мындан ары ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.