Жаңылыктар
Кыргызстандын алтын кору сом менен алганда рекорддук көрсөткүчкө жетти
Экономика
Кыргызстандын алтын кору сом менен алганда рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстандын алтын кору 1-июнга карата 13 миллиард, 744,4 миллион сомду түздү. Бул туурасында Улуттук банк расмий сайтында жарыялады.

Маалыматка ылайык, май айына салыштырмалуу алтын кору 200 миллион сомго жогорулаган. Улуттук банк муну рекорддук күрсөткүч деп баалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын алтын кору баалуу металлдардын жана доллардын курсунанан көз каранды. 1-июнга карата АКШ доллары 68,06 сом, Лондон биржасынын трой унциясынын баасы 1266, 15 долларды түздү.