Жаңылыктар
Бишкекке залкар талант Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги коюлат
Маданият
Бишкекке залкар талант  Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги коюлат

Борбор калаага СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ушул жылдын аягына чейин орнотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык архитектурасынын топонимика секторунун жетекчиси Юлия Моисеева билдирди. 

Буга чейин айкелдин орнотулары жөнүндө сөз козголуп, аны Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине, "Ала-Тоо" кинотеатрынын чыгыш тарабындагы скверге коюлары айтылган. "Эстеликти коюу демилгеси 1997-жылы көтөрүлүп, бирок каражаттын тартыштыгынан токтоп калган.

Былтыр бул иш кайра колго алынды. Учурда айкел Россиянын Санкт-Петербург шаарында даярдалып жатат," - деди Моисеева. Коюла турган эстеликтин узундугу 3,6 метрди түзөт. Архитектору Олег Лазарев, скульптору Азамат Кожегулов.