Жаңылыктар
Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду
Спорт
Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

Мекендешибиз Дастан Лепшаков Орусияда өткөн бильярд боюнча дүйнө чемпионатында коло медалды багынтты.( Бул туурасында Дуплет маалымат сайты билдирди).25-28-февраль күндөрү Орусиянын Югорск шаарында өткөн мелдеште 11 бильярд чебери күч сынашкан. Мелдеш ар кандай тартипте өткөн.

Белгилей кетсек, Дастан Лепшаков 2015-жылдын октябрь айында Финляндиянын Имарт шаарындагы бильярд боюнча мелдеште "мыкты" деп табылган. Дастан атаандашы - Беларустун Курт шаарынан барган Евгенийди 2:0 эсебинде жеңген. Оюн: кураштырма жана динамикалык пирамида түрундө өткөн. 

Жарым финалга Кыргызстандык оюнчу Орусиянын бильярдчысы Владислав Осьминин менен бет келип, алгачкы биринчи оюнда жеңип, кийин эки ирет атаандашына уттуруп жиберген. Жыйынтыгында жарым финалга чыккан Лепшаков коло медалга татыктуу деп табылган. Ал эми 2015-жылдагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы орусиялык Никита Ливадага ыйгарылды.