Жаңылыктар
Чубак ажы Жалилов менен Гүлендин жолугушуусуна Түркия бийлиги тынчсызданууда
Саясат
Чубак ажы Жалилов менен Гүлендин жолугушуусуна Түркия бийлиги тынчсызданууда

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч маалымат жыйын куруп, мындан туура бир жыл мурда Түркияда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштүн бир жылдыгы эскерилди. Окуяны расмий бийлик Түркиянын тарыхындагы эң чоң, эң кандуу террордук окуя деп баалап, анын артында Фетхуллах Гүлен турат деп эсептеп келет. Гүлен өзүнө тагылган айыптардын баарын четке каккан.

Эскерүү иш чарасында Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси, Гүленге тиешеси бар делген Себат билим берүү борборлорунун тагдырына байланышкан суроолор ортого салынды.

Мындан сырткары Кыргызстандын белгилүү дин аалымы Чубак Ажы Жалиловдун жакында эле АКШга барганда Фетуллах Гүлен менен жолукканына Түркия бийлиги тынчсызданганын элчи айтты.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"