Жаңылыктар
Корумду-Каракол унаа жолу курулуп баштайт
Экономика
Корумду-Каракол унаа жолу курулуп баштайт

Бул тууралуу Транспорт жана Жол министрлиги билдирет. Араб координациялык тобу Ысык-Көл облусунун борбору, туризм өнүккөн шаарлардын бири Караколго баруучу жолду курууга 150 миллион доллар каражат бөлөт. 

Буга чейин жергиликтүү тургундар көлдүн түндүгү аркылуу Караколго бара турчу жол эгемендүүлүк алгандан бери курулбай, эскилиги жетип тешилип калганын айтат. 

Азырынча араб инвесторлору 23 долбоордун онун гана жактырды. Эми ал долбоорлор боюнча сентябрь айында да жолугушуулар болуп, Корумду-Каракол  унаа жолун курууну каржылоо долбоору дагы талкууланат. Эгер тараптар өз кызыкчылыктарын тапса макулдашууга кол коюлат. 

Эске салсак, Балыкчы-Чолпон Ата жолу толук оңдолуп, учурда Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун курулушу жүрүүдө. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"