Жаңылыктар
Кыргызстанда этнофестиваль башталды
Маданият
Кыргызстанда этнофестиваль башталды

Эл  аралык  деңгээлде өткөрүлүп жаткан «Ысык Көл досторун  чакырат» аттуу  этнофестиваль 14-июлдан 20-июлга чейин болот. Аталган масштабдуу иш-чара Ысык-Көлдун жээгинде 500дөн ашуун жаштардын катышуусунда өтөт. 

Алардын катарында чет элдик меймандар жана республиканын аймактарынан келген окуучулар бар. Бул этнофестивалдын ачылышы Бишкек шаарында  башталып,  Ысык-Көлдө уланат. 

Иш-чаранын алкагында эл аралык илимий конференция болот. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"