Жаңылыктар
Мугалимдердин орточо маянасы 4 эсеге көтөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Мугалимдердин орточо маянасы 4 эсеге көтөрүлдү

Акыркы 5-6 жылдын ичинде мугалимдердин орточо маянасы 4 эсеге көтөрүлүп, ипотека менен турак-жай алууга да шарт түзүлдү. 

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев мугалим, дарыгер жана маданият өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлык тапшырып жатып билдирди. 

Өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон 133 кишиге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Анда 2-жана 3- даражадагы “Манас” ордени 7 адам, “Даңк” медалы менен 9 адам сыйланды. 

Сыйлык алгандардын жарымы педагогдор.  

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"