Жаңылыктар
5 миңге жакын кургак учуктун жаңы учуру катталды
Ден соолук
5 миңге жакын кургак учуктун жаңы учуру катталды

Кыргызстанда кургак учукка каршы  бир айлык башталды. Анын алкагында  дарт тууралуу калкка маалымат берүү иштери жүргүзүлөт. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө жыл сайын 5 миңдин тегерегиндеги  кургак учуктун жаңы учуру катталат. Кыргызстан дүйнөдөгү кургак учук тез жайылган он өлкөнүн тизмесинде турат.

 Наталья Фёдорова  кургак учук оорусун жуктуруп алып убагында дарыланууга үлгүргөн.  Дарыгерлердин берген кеңештерин  так аткаргандыктан  ооруну учурунда жеңди.  Азыр ал “Кызыл Жарым ай” коомунун волонтеру. 

Мен 8 ай  дарыланып, толугу менен айыктым. Азыр деним сак,  жыл сайын   медициналык кароодон өтүп турам, бардыгы жайында. Көпчүлүк учурда дарты  аныкталган бейтаптар депрессияга кабылышат. Мен  аларды медиктер жазып берген  дарыларды убагында ичип, берген кеңештерин так аткарганга чакырат элем.  

Дагы бир бейтап,  8 жаштагы Рустамбек , Баткен облусунан келген. Ага Оштогу ооруканада  медициналык жардам көрсөтүлгөн, бирок жылыш болбогондуктан  Бишкекке келүүгө туура келген. Диагнозу туура коюлгандан кийин дарылоо курсун ала баштаган.

Апасы: Келгенде оор болуп келгенбиз. Баткенде  өпкөсүндө суу бар деп дарылаган. Анан Ошко бардык, андан да жакшы болбой, Бишкекке келип дароо эле реанимацияга жатып калдык. Азыр жакшы болуп калды. 

Жыл сайын өлкөдө  5 миңдин тегерегиндеги кургак учуктун жаңы учуру катталат. Анын  ичинде  өспүрүм  жана  жаш  балдар да бар. Маселен, Бишкек шаарындагы №2 кургак учук ооруканасында азыркы тапта 20 бала дарыланууда, анын 7өө оорунун ачык түрү менен жабыркагандар. Мындан тышкары,  кургак учуктун туруктуу түрү да кезигүүдө.  Бирок, азыркы тапта каражаттын тартыштыгынан  орундуктардын саны кыскарып, балдар амбулатордук дарыланууга өтүп жатат.  Бул жагдай  айрым маселелердин жаралышына түрткү берип жаткандыгын  аталган мекеменин башкы дарыгери Рахбар Ризаева белгилейт.

Мурда биз бул  ооруканадан балдарды окутуп, жаткырып 5-6 ай дарылачубуз. Азыр болсо алар  үйлөрүндө, башкача айтканда амбулатордук  дарылоодон өтүп  жатышат.  Бул учурда алар дарыны бирде ичсе, бирде  ичпейт , ошентип , туруктуу түрүнө өтүп кетип жатат.  

Кыргызстанда 1-марттан тарта  кургак учукка каршы күрөшүү боюнча бир айлык  башталды. Анын алкагында  калкка  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Бул багытта,  ооруну эрте аныктоо максатында,  дарыгерге убагында кайрылуунун жол-жоболору тууралуу  Жалал-Абаддын тургундарына  түшүндүрүү иштери жүргузүлдү. Бул тууралуу  “Кургак учукту  жеңебиз”  долбоорунун  адиси  Нургул Асанкадырова айтты.

Эл  жөтөлүп  баштаса өздөрү дарыланып,анын  өтүшүп кетет да  кеч кайрылып  жатышат.  Маселе жараткан жагдай,  ооруну аныктоо үчүн  алынган какырыкты лабораторияга  жеткирүу жагы, аны эртерек чыгарып, эрте  дарылоону башташ керек... 

Эске салсак, 24-мартта  кургак учукка каршы күрөшүүнүн Бүткүл Дүйнөлүк күну белгиленет.  Анын алкагында, өлкөдө 1-марттан тарта бир айлык иш-чаралар башталды.