Жаңылыктар
ВИЧке чалдыккандар көбөйүүдө
Ден соолук
ВИЧке чалдыккандар көбөйүүдө

Адамдагы иммундук жетишсиздик оорусу болгон СПИДди, кургак учукту жана сарыктын С түрүндөгү дартын алдын алуу боюнча эл аралык конференция Бишкекте башталды. 5 күнгө созулчу иш-чарага 25 мамлекеттен адистер катышып, ар бир өкүл өз өлкөсүндө ушул багытта дарттын алдын алуу боюнча кандай чаралар көрүлгөнү боюнча тажрыйба алмашууда. 

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна чалдыккандардын саны 2016-жылы 7024 түздү. Анын 6658и кыргызстандын жарандары, 366сы чет элдик жарандар. 19 жашка чейинкилер арасында 41 адамдан ушундай инфекция аныкталган. Инфекцияны алып жүргөндөр 30 жаштан 49 жашка чейинкилер арасында көп. Кургак учук жана сарыктын С түрүнүн жайылышы боюнча абал туруктуу экенин адистер белгилешет.