Жаңылыктар
Түштүк Кореядан 50 волонтер келди
Ден соолук
Түштүк Кореядан 50 волонтер келди

Ошко Түштүк Кореядан 50 волонтер келди. Ыктыярдуу топ, 8 багытта 3 күндүк медициналык кызмат көрсөтөт. Курамында: хирург, педиатр, стоматолог, офтальмолог, дерматолог адистери бар корей медиктери жарандарды акысыз кабыл алып, кеп-кеңешин берип, дарылайт. Алардын максаты өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге медицина сырларын үйрөтүү.

 Саамалык саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ишке ашууда. Келген топ экиге бөлүнүп кызмат көрсөтүүдө. Биринчи топ Ош шаарынын тургундарын тейлесе, экинчи топ, Кара-Суу районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бөлүндү. Ошондой эле, саламаттыкты сактоо министрлиги менен Түштүк Кореянын Меди-сити Тэгу ассоциациясы менен эки ортодо тажырыйба алмашуу, дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жаатында меморандумга кол коюлду.