Жаңылыктар
Кара-Кече көмүр кенин иштетүүгө өкмөт инвестициялык сынак жарыялады
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кече көмүр кенин иштетүүгө өкмөт инвестициялык сынак жарыялады

Бул туурасында геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен билдирди. Сынакка ошондой эле, Миң-Куштагы “Ак-Булак” тилкеси да кирди. Бул участок боюнча конкурска катышып көмүр казгысы келгендер, 15 миллион сомдук алгачкы төлөмдү төлөөсү шарт. Сынактын талаптарына ылайык, Кара-Кече көмүр кенин иштетем деген компаниялардын кассасында кепилдик взнос катары 76 миллион сомдук акчасы болушу керек. Арыздарды кабыл алуу 15-апрелге чейин уланат.

Түшкөн сунуштардын жыйынтыгы жана элдин кызыкчылыгын эске алуу менен жеңүүчү аныкталат. Жеңип чыккан компания менен өкмөт атайын келишим түзүп, инвестициялык макулдашууга кол коюлат. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында 1200 мегаватт кубаттуулуктагы жылуулук электр станциясы жана "Балыкчы - Кара-Кече" темир жолу курулат. 

Жергиликтүү аймактын инфраструктурасын оңдоо иштери да камтылган. Сынактагы талапта көрсөтүлгөндөй, инвестор көмүр чыккан кендин аймагына жылуулук электр станциясын курууга 2,5 миллиард доллар салышы керек. Кара-Кече көмүр кенин комлекстүү өздөштүрүп иштетүүдөн кийин анын 20 пайыздык үлүшү мамлекетке караштуу болот.