Жаңылыктар
Тоо-кен тармагында лицензия алып иштетүүдө Кыргызстан 6-орунду ээлейт
Экономика
Тоо-кен тармагында лицензия алып иштетүүдө Кыргызстан 6-орунду ээлейт

Тоо-кен тармагында лицензия алып иштетүү боюнча дүйнөдөгү 81 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 6-орунду ээлейт. Изилдөөнү жаратылыш ресурстарын башкаруу институту жүргүзгөн. Анда, тоо-кен өндүрүү тармагынын өнүгүүсү, жаратылыш байлыктарын пайдаланууда түшкөн киреше жана ал каражатты максаттуу пайдалануу сыяктуу 89 жаатта көзөмөл жүргөн.

 Адистер тоо-кен тармагындагы жемкорлукка каршы күрөш жакшы натыйжа бербегенин баса белгилешет. Анткени, коррупция менен күрөшүү боюнча илилдөөнүн негизинде Кыргызстан 71 орунга илинген.