Жаңылыктар
КТРК бош орундарга сынак жарыялайт
УТРК жаңылыктары
КТРК бош орундарга сынак жарыялайт

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы Нарын облусундагы кабарчынын ваканттык ордуна сынак жарыялайт.  

Функционалдык милдети:

-Алынган тапшырманын негизинде материал даярдаганды билүү жана маалыматты ыкчам берүү.

-Нарын облусунда болуп жаткан окуяларды чагылдыруу, жеринен маалымат топтоо.

-Чогултулган маалыматты талдап, аны бокс, бокс-синхрон, сюжет, атайын репортаж кылганды билүү зарыл.

Талап:

-Журналистика жана филология жаатында жогорку билими бар;

-Иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес.

Ишке алуу шарты:

-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык.

-“Ала-Тоо” маалымат программасынын студиясында иш алып барат.

-Нарын облусунда

-Иштөө графиги саат 09:00-18:00гө чейин. 

Ваканттык орунга талапкер болууну каалагандар электрондук дарекке резюмесин жиберсе болот.

Сурап-билүү телефону: 0 (312) 39 15 58


Коомдук телерадиоберүү корпорациясы Нарын облусундагы телеоператор-монтажер ваканттык ордуна сынак жарыялайт.  

Кызматтык орду: Телеоператор-монтажер болом дегендердин кулагына “күмүш сырга”.

Функционалдык милдети:

- Материал даярдоодо окуя болгон жерге журналист менен чогуу баруу.

- Өз маалында монтаждоо

- Материал жасап бүткөндөн кийин да журналист менен чогуу кеңешип, маалымат берүүнүн сценарийин жана планын талкулоо.

- Тартылган видеонун сапатына жооп берет.

Талаптар:

-Жогорку билими бар.

-Жалпы эмгек тажрыйбасы 1 жылдан кем болбошу керек.

 Ишке алуу шарты:

-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык.

-“Ала-Тоо” маалымат программасынын студиясында иш алып барат.

-Нарын облусунда

-Иштөө графиги саат 09:00-18:00гө чейин. 

Ваканттык орунга талапкер болууну каалагандар электрондук дарекке резюмесин жиберсе болот.

Сурап-билүү телефону: 0 (312) 39 15 58


Коомдук телерадиоберүү корпорациясы  эл аралык байланыш бөлүмүнүн кызматкеринин ордуна сынак жарыялайт.  

Кызмат  ордунун аталышы: Эл аралык байланыш бөлүмүнүн адиси

Функционалдык милдети:

-Корпорациянын эл аралык байланыштарын уюштуруу иштерин аткарат

Чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте конкретүү план иштеп чыгууга катышат.

-Чет элдик уюмдар менен байланыш түзүп, өнөктөштөр менен кат жазышып туруу.

-Корпорацияга расмий иш сапары менен келген чет элдик конокторду коштоп жүрүү.

-Брифинг, пресс-конференция жана башка ушул сыяктуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышкан иштердин  уюштуруу жагына катышуу.

Талаптар:

-Эл аралык мамилелер жаатында жогорку билимдүү.

-Жалпы эмгек стажы 2 жылдан кем эмес болушу керек.

-Кесиби боюнча 1 жылдык иш тажрыйбасы бар.

-Чет элдин тилдерин билүү зарыл.

 Ишке алуу шарты:

-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык.

-Эмгек орду Бишкек шаарында.

-Иштөө графиги саат 09:00-18:00гө чейин.

Ваканттык орунга талапкер болууну каалагандар электрондук дарекке резюмесин жиберсе болот.

Сурап-билүү телефону: 0 (312) 39 15 58