Жаңылыктар
Тигүү тармагы экономикага өбөлгө болууда
Экономика
Тигүү тармагы экономикага өбөлгө болууда

Тигүү тармагы - Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө дем берип турган негизги таянычтардын бири. Мындан улам, “Кыргызстанда жасалган” деген белгиси бар кийимдерге карата суроо-талап улам өсүп келет. Кара-Суудагы бул тигүү цехинде жайы- кышы жумуш токтобойт. Ишкананын Орусия, Казакстан гана эмес, Европа мамлекеттеринен да туруктуу кардарлары бар. Буйрутмаларды өз убагында орундатуу- ишенимдин кепили. Мындан улам, ишкана кошумча жумуш орундарын ачкан. 

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши - кардарларды гана тартпастан, ишканалардын өз продукцияларын дарегине жеткирүүдө да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү шарттаганын, ишкана кожоюндары билдирет. Жеңил өнөр жайы аз да болсо, өнүккөн тармак. Арты 20 дан, алды миңдеген жумушчу орундарды түзгөн жүздөгөн тигүү цехтери, ар башка үлгүдөгү кийимдерди тигип, ички жана сырткы базарларга сатып келет.

Түптөлүп калган тармакты жоготуп албоо үчүн ата мекендик тигүүчүлөр жаңы жолдорду издөөдө, мунун бири - текстиль. Бул аркылуу тигүү тармагын бириктирүү зарыл экендигин , адистер белгилейт. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияга ылайык, өкмөт Кыргызстанда текстиль - тигүү өндүрүшү үчүн технополис түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Өкмөт кол коюлган токтомго ылайык, ”Технополис” долбоорун ишке ашыруу үчүн “Жеңил өнөр жай” ассоциациясына убактылуу колдонууга Чүй облусунан жер тилкеси бөлүндү. Мындай муктаждык түштүк жергесине да зарыл экенин адистер билдирет. 

“Технополис” долбоорун ишке ашыруу өкмөттүн 2017-жылга карата «Ишеним жана биримдик» программасынын планына киргизилген. Максат: “Кыргызстанда жасалган” белгисин ЕАЭБдин рыногунда сактап калуу. Ал эми, Түштүктөгү жеңил өнөр жай ассоциациясынын курамына 80дей гана чакан компаниялар кирген. Расмий эмес маалыматтарга караганда, бул көрсөткүч 3 эсеге көп болушу мүмкүн.