Жаңылыктар
Абактагы жарандын качышына жол берген милиция кызматкерлери камалды
Кылмыш
Абактагы жарандын качышына жол берген милиция кызматкерлери камалды

Оор кылмыш менен айыпталган Азат Алымкулов 26-февралда из жашырып, кийинчерээк ал коштомо күзөт тобунун өкүлдөрү менен бирге саунада эс алып жаткан учурда качып кеткени аныкталган. Ички иштер министрлиги кармалган эки кызматкерден башкаларга да чара колдонууда.

Качып кеткен Азат Алымкулов май айында каракчылык кылганы үчүн кармалган болчу. Анын из жашырышына сотко жеткирүү үчүн абактан алып чыккан Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери шектелүүдө. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдраманов кылмыш иши козголуп, коштомо күзөт тобунун эки кызматкери камакка алынганын кабарлады.

Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Аламүдүн  райондук коштомо күзөт тобунун кызматкерлерине карата “кызмат абалын кыянат  пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынышты. Учурда  иликтөө иштери уланып жатат.

Иликтөөнүн жыйынтыктары качкын милиция кызматкерлери менен бирге саунада эс алганын ачыкка чыгарууда. Алымкулов дал ушул учурдан пайдаланып из жашырган. Убактылуу кармоочу жайда айыпталуучулардын бири жетишсиз экени эртеси күнү гана билинген. Ички иштер министрлиги абактагы адам менен бирге көңүл ачкан кызматкерлерди гана эмес, окуя болгондон кийин дароо кабарлабаган коштомо күзөт тобунун бардык өкүлдөрүнө чара колдонуп жатат. Министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов:

Бардыгын күнөөлөп жатабыз. Себеби, ал окуяны баары  билишкен. Бирөөсү да жетекчилигине же өздүк коопсуздук кызматына кабарлаган  эмес. Айыпталуучуларды соттон кайра абакка жеткирип, качан гана эртең менен  санап алаарда билинип отурат. Ал изделүүдө.

Окуяга байланыштуу Аламүдүн райондук Ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигине эскертүү берилип, жооптуу орун басары иштен алынды. Ошондой эле коштомо күзөт тобунун бардык өкүлдөрү кызматтарынан четтетилип, алардын мындан аркы да жоопкерчиликтери каралып жатат. Жогорудагыдай көрүнүш алгачкы жолу болгонбу же кайталанып келгенби, аларды мындан аркы териштирүүлөр аныктайт. Өлкөнүн коопсуздугуна жооптуу мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев милиция кызматкерлеринин жоруктарына ишене албай турат.

Тааныш болушу мүмкүн. Ортолорунда кандайдыр бир байланыш  болсо керек. Болбосо кантип эле өздөрү кармап жүргөн кылмышкер менен бирге  саунада эс алып жатышсын. Бирок, кандай болгон күндө да бул окуя милицияда  тазалануу ишин жүргүзүш керек экенин дагы бир жолу айтып турат.

Кылмышкерлердин же айыпталуучулардын абактан качышына милиция кызматкерлери менен жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү өздөрү шарт түзүп жатат деген шектенүүлөр айтылып эле келет. Ал эми саунада бирге эс алып жатып качырып жиберишкени тууралуу маалымат көпчүлүктү таң калтырууда.

Калыгул Асамбаев “Биринчи радио”