Жаңылыктар
ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт азыктары арбын сатылууда
Экономика
ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт азыктары арбын сатылууда

ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортко чыкчу продукциялардын тизмесиндеги азыктардын басымдуу бөлүгүн сүт азыктары түзөт. Эки жыл аралыгында 28 ишкана тизмеге кирип, 15 ишкана сүттөн жасалган тамак-аштардын түрлөрүн чыгарууда. Сүттөн жасалган кандай азыктар экспорттолууда?

1998-жылдан бери иштеген “Кант-Сүт” ишканасы Кыргызстан ЕАЭБке мүчө болгондон тарта Казакстан менен Россияга өндүргөн продукцияларын эч кандай тоскоолдуксуз экспорт кылууда. Ишкана талапка жооп бергендиктен тизмеге кирген. ЕАЭБге кошулгандан бери орточо эсеп менен алганда жылына 132 миллион сомго чейин бааланган сүт азыктары сатылган. 

Кыргызстандын сүт азыктарын башка өлкөлөргө тааныткан алгачкы ишкананын бири “Үмүт жана К”. 20 жыл мурун 11 кишиден куралган ишканада азыр 700дөн ашык жумушчу иштейт. Ишкана ЕАЭБ аймагына жыл башынан тарта 2 миң тоннага чейин сүт азыктарын экспорт кылган. Сүттү иштеткен адистер жакында Кытайдан келген делегация менен сүйлөшүү жүргүзүп үчүнчү өлкөгө экспорт кылууну көздөп жатат.

Экспорт кылууга тийиштүү бардык нерсе талапка шайкеш келтирген. Өндүрүлгөн азыктарды жөнөтүү үчүн керектүү иш-кагаздар даярдалат. Алардын бири Соода палатанын сертификаты. Атайын унаа менен ташылган тонналаган сүт башка облустардан бери жыйналып келет. Сүт азыктарынын экспорт болушу экономикага пайда алып келет. Биринчиден ишканадан казынага салык түшсө, экинчиден сүткө суроо-талап жогорулап мал кармаган тургундар сүт сатып киреше табат.