Жаңылыктар
Кадамжай району: шабдалы сезону башталды
Экономика
Кадамжай району: шабдалы сезону башталды

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында шабдалы сезону башталды. Аймактагы элдин 90% бул ширелүү жемишти өстүрүп, жылына 800 тоннага чейин түшүм алып Орусия менен Казакстанга экспорттошот. Калгандарын багбандар Ош-Баткен жолунун боюнда сатышат.

Насибахан Сатыбалдыева 15 жылдан бери шабдалы багын өстүрөт. Учурда шабдалы багынан тапкан кирешеси 500 миң сомго жетти. Башта ар бир түбүнөн 2,3 жашык мөмө алса, учурда 60-70 килограмга чейин түшүм алууда. Быйылкы түшүмүн жыйнап жол боюндагы базарга алып чыккан. Соодасы кызып килограммын 60 сомдон сатууда.

Шабдалынын бир килосу 40 сомдон 60 сомго чейин сатылууда. Бул нарк жылдагыдан айырмаланбайт. Ал эми жеке ишкерлер багбандардан жеринен 40 сомдон алышып, Казакстан менен Орусияга экспорттошот. Андан сырткары сооданын ыгын билгендер өлкө ичиндеги баардык аймактарга Үч-Коргондун мөмөсүн алып чыгышат. 

Бул жылы жергиликтүү багбандар шабдалы түшүмүнүн 20%ынан кол жуушту. Акыркы жылдары ширелүү мөмөнү мите-курттан дарылоо түйшүк жаратууда. 

Үч-Коргон айыл аймагында шабдалынын 30 дан ашуун түрү өсөт. Айрыкча эң татуу жана ширелүү "Кызыл Москва" түрү өтүмдүү. Учурда шабдалыны узак мөөнөткө сактоо жана экспорттоо аракеттери болууда. Аймакта жылына 800 тоннага чейин шабдалы мөмөсү жыйналып, анын 90%ы экспортко чыгат. Ал эми калганын тургундар Ош-Баткен жолунун боюнда сатышат. Учурда аймакта 10дон ашуун шабдалы сактоочу муздаткыч кампалары курулган.