Жаңылыктар
Өзбекстандан туристтер арбын келүүдө
Туризм
Өзбекстандан туристтер арбын келүүдө

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылып, ал жактан жума сайын  200гө чукул туристер келүүдө. Быйылкы жылдын жыйынтыгы менен каттамдарды көбөйтүү жагы каралмакчы. 

Мындан тышкары  эки тараптын авиация бийлиги  Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө учуу жана Өзбекстанда кыргыз авиакомпаниясынын өкүлчүлүгүн каттоо маселесин караштырып жатышат. 

Ал арада жергиликтүү серепчилер Өзбекстандагы жаңы президенттин шайланышы менен соңку кезде эки тараптуу достук кызматташттык жандана баштаганын айтышууда. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"