Жаңылыктар
Экспорттун көлөмү 30 пайызга өстү
Экономика
Экспорттун көлөмү 30 пайызга өстү

Быйылкы жылдын алты айында экспорттун көлөмү 30 пайызга өстү. Ал эми айыл чарба азыктары 6 миллиард 271 миллион сомго сыртка сатылды. Бул былтыркыдан 28,7 пайызга көп экенин айыл чарба,тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен маалымдашты. 

Быйылкы жылы Таластык  дыйкандар кирешелүу болгон төө буурчактын аянтын кеңейтишкенин өкмөттүн Талас  облусундагы ыйгарым өкүлүнүн орун басары Чолпонкул Төрөкулов кабарлады. Түшүмдү дурус баада сатып ала турган тараптар менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп  жатканына токтолду. Ал эми сүт азыктарын негизинен Казакстанга экспорттоп  жатышканын билдирди. Быйылкы жылда эспорттоонун көлөмү дагы өсөрүн серепчилер белгилешет.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"