Жаңылыктар
Акча алмаштыруучу жайлардын иши солгундады
Экономика
Акча алмаштыруучу жайлардын иши солгундады

Учурда акча алмаштыруучу жайлардын иши солгундагандыгы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында ноябрь, декабрь жана январь айларында Улуттук банк тарабынан интервенция жасалып, доллар накталай түрдө сатылган. Ал эми азыркы учурда долларга андай деле муктаждык жаралган жок. 

Ошондуктан тыныгуу байкалып жатканын төрага белгиледи. Жыл башынан бери Улуттук банк тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, бир акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы алынган. 

Тартип бузган акча алмаштыруучу жайларга карата айып пулдун өлчөмүн жогорулатуу маселеси да каралууда. Мындан тышкары акча алмаштыруучу жайлардын ишин көзөмөлдөө боюнча институт түзүү демилгеленип жатат. Ошол эле учурда Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк- инфляциялык тобокелдикке баа берүүнү улантып жатканын кошумчалады.