Жаңылыктар
Кыргызстан Иран менен саламаттыкты сактоо тармагында кызматташат
Ден соолук
Кыргызстан Иран менен саламаттыкты сактоо тармагында кызматташат

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги Ирандын саламаттык сактоо министрлиги менен узак мөөнөттүү кызматташуу келишимине кол койушту. Жолугушуу 18-июлда Бишкекте өттү. Иран тарап кыргызстандык кадрларды даярдоо, медициналык билим берүү, дары тармагына инвестиция салуу, ден-соолук туризми жана оорукана курулушу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди. Иран дары-дармек боюнча өз өлкөсүн 95% камсыздайт. 

Чыгарган продукциясын дүйнөнүн 42 мамлекетине экспорттойт. Кыргызстан тарап кызматташууга даяр экенин саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев да билдирип, кол коюлган келишимдер жакынкы күндөрдө ишке ашып баштайт деди. Ирандын саламаттыкты сактоо министри жетектеген ири делегация Бишкекке 17-июлда келген. Делегация премьер-министрдин социалдык маселелер боюнча орун басары менен да жолугуп, министрликтин медициналык техникалары, дары-дармек менен камсыз кылуу департаменти, Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академиянын, Улуттук госпиталдын ишмердүүлүгү менен таанышат.