Жаңылыктар
БКШ: шайлоо фондуна түшкөн каражаттар ачыкталды
Шайлоо 2023
БКШ: шайлоо фондуна түшкөн каражаттар ачыкталды

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер катары арыз бергендердин шайлоо фондуна түшкөн каражаттар туурасында маалымат берди. Арыз берген 29 кишинин сегизи гана шайлоо фондуна каражат которгон. Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин “Республика – Ата журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов 12 млн сом которуп, 5 млн 700 миң сомдон ашуунун короткон. 

Андан кийинки орунда “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев турат. Анын шайлоо фондуна 3 млн сом которулуп, 772 миң сому коротулган. Арстан Абдылдаев 245 миң, Таалатбек Масадыков 130 миң, Кубан Чороев 65 миңден ашуун, Камила Шаршекеева 40 миң, Рита Карасартова 35 миңден ашуун каражат которгон. Мындан сырткары Замира Муратбекованын шайлоо фондунда 391 сом бар экени кабарланды.

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуну каалаган жарандардын саны расмий 29га жетти. Алардын бешөөсн саясий партиялар көрсөтсө, калгандары өзүн-өзү көрсөткөндөр.