Жаңылыктар
Ысык-Көл: "Алтай көчү" экспозициясы
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл: "Алтай көчү" экспозициясы

Ысык-Көл облусундагы Курманжан датка музейине чоң көлөмдөгү скульптуралык экспонаттар коюлмай болду. Эртең алар музейге жеткирилип, ордуларына коюлат. Буларды 21- июлда өтө турган “Алтай цивилизациясы жана алтай тил бүлөсүнүн тектеш элдеринин эл аралык форумунда көрсөтүлөт. 

Муратбек Жумалиев бала кезинен бери эле скульптор болууну самаган.
Анын кыялы ишке ашып, 1993-жылы тарыхта орду чоң байыркы кыргыз аскеринин баш кийимин жасаптыр. Эми ал эмгегин дагы бир ирээт кайталап, “Жоокердин баш кийимин” 12 эсеге чоңойтуп жатат. Мындай ишти бүтүрүү үчүн скульпторго 10 күн убакыт берилген. 

Ал эми Павел Терещенков бийиктиги 3 мерт болгон ээрди жасап жаткан кези. Бул дагы байыркы көчмөндөрдүн турмушунда колдонулуп келген. Көлөмү чоң ээр эми көргөзмөдө Курманжан датка музейинин алдына коюлат экен. 

Мындан тышкары Павел кастарлуу жаныбар жылкынын сөлөкөтүн да темирден жасап жатыптыр. 

“Алтай көчү” экспозициясына өлкөнүн бардык музейлеринен 500гө жакын экспонаттар коюлары күтүлүүдө. Мисалга: мына бул 27 тарыхый экспонаттар байыркы көчмөн элдин жашоосун чагылдырган ошол мезгилдеги адамдардын эмгек куралдары менен күнүмдүк турмушка керектүү буюмдары сакталып келет. 

Булар экспонаттардын бир гана бөлүгү. Толук көздүн жоосун ала турган жери 21- июлда Ысык-Көлдөгү Курманжан датка музейинде болот. Анда этно шаарчалар коюлуп, конокторго алтай цивилизациясынын жана алтай тил булөсүнүн тектеш элдеринин баскан жолу чагылдырылат.