Жаңылыктар
Окуучуларды сүзгөн айдоочунун иши каралды
Кылмыш
Окуучуларды сүзгөн айдоочунун иши каралды

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда эки мектеп окуучусун сүзгөн айдоочу Мирлан Ажибековдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Белгилей кетсек 21-апрелде "Мерседес" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 74-мектепте окуган эки баланы унаасы менен коюп , кылмыш катталган жерден изин жашырып жок болгон эле.

Видеодон чырактай 2 баланын ден соолугуна оор залакасын тийгизген жол кырсыгын көрүүгө болот. Окуя Чапаев көчөсүнөн, болжол менен түш маалында катталып, кара түстөгү "Мерседес" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2 окуучуну коюп кеткен. Балдар баш сөөгүнөн оор жарат алып, бирөө бир нече күндөн кийин гана эсине келген. Жол кырсыгы болгон жерден айдоочу качып кеткени менен унаасынын номуру түшүп калган. Ошол эле күнү айыпталуучу милиция бөлүмүнө өзү келип, ал 2 айга камакка алынган.Тергөө учурунда Мирлан Ажибеков эки жыл мурун дагы бир адамды коюп кетип , ал каза болгону маалым болгон. Ал окуяда маркумдун кунун төлөп берип, кылмыш жоопкерчиликке тартылган эмес. 

Ленин райондук сотунда бул мектеп окуучуларын сүзгөн окуя боюнча 2-соттук отурум өттү. Жабыркаган окуучулардын апалары балдар үйгө чыгарылганы менен ден соолуктары турукташа электигин айтты. Окуучулардын бири дагы деле жакшы баса албайт. Ага карабай, жабырлануучу тарап Мирлан Ажибековго карата “доом жок” деген таризде тосмо арызын жазып беришкен. Ата-энелер мындай кадамга баруусуна айыпталуучу тарап моралдык-материалдык чыгымдарды төлөп берип, айыпталуучунун кечирим сураганы себеп экендигин айтышты. Ал ортодо, тосмо арыз - кылмыш ишин токтотууга негиз эмес деп билдирет жабырлануучу тараптын жактоочусу. 

Ата-энелер эң башкысы балдардын амандыгын тилешүүдө. Андыктан, кандайдыр бир пикир билдирүүдөн караманча баш тартышты. Анын үстүнө, буга чейин айыпкер тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болгонун жактоочу тастыктайт.