Жаңылыктар
Талапкерлер кызуу талкууда
Саясат
Талапкерлер кызуу талкууда

 “Ата-Журт” партиясынын чечиминен кийин Акматбек Келдибековдун президенттик жарышка аттанаары кызуу талкууланууда. Мыйзамга ылайык мурда соттолгон адам талапкер катары каттала албайт. Жогорку сот Ахматбек Келдибековдун соттолгондугу тууралуу макамы 8-ноябрда жоюлаарын билдирген. Саясий жараяндан четтегиси келбеген парламенттин мурдагы төрагасы мамлекетке келтирген чыгымдары үчүн 10 миллион сом төлөгөн. 

“Ата-Журт” партиясынын президенттик кызматка Келдибековдун талапкерлигин көрсөтүү чечимин кабыл алышы анын соттолгонун кайра эске салууда. Жогорку сот парламенттин мурдагы төрагасынын мындай макамы 8-ноябрда жоюлаарын жар салган. Билдирүүдө ал 10 миллион сомдук айып пулду былтыр дал ушул күнү төлөп бүткөнү айтылат. Бирок, Келдибеков президенттик жарышка катышаарын кайталап келген. Талаш туудурган талапкерлердин маселесине Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын жумушчу тобу чекит коет.

Көпчүлүк талдоочулар жогорудагы талаштуу маселе Борбордук Шайлоо комиссиясына түйшүк жаратаарын белгилейт. Азырынча “Ата-Журт” партиясы сунуштап жаткан эки ишмердин тең арыздары БШКга келе элек. Талапкер катары каттап койгон күндө да ал акыркы бүтүм эмес экенин айткандар да бар. 

Буга чейин Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров биригип жатышканын жарыялап, президенттик шайлоого бирөөбүз эле аттанабыз” деген билдирүү жасашкан. Иш жүзүндө үчөө тең жарышка түшүү чечимин кабыл алды. Бирок, бул соңку кадам эмес. Соттолгондугу тууралуу макамды эске алганда абал башка өңүткө өзгөрүшү мүмкүн.

Эске сала кетсек, Акматбек Келдибековго Жогорку Кеңешти, Социалдык фондду жана Салык кызматын жетектеп турганда “коррупциялык иштерге барган” деген негизде кылмыш иши козголгон. Ал эми “Ата-Журт” партиясы көрсөтүп жаткан дагы бир талапкер Камчыбек Ташиев 2012-жылы ак үйдүн тосмосун аттаган таржымалы менен белгилүү. Бийликти басып алууга жасаган аракети үчүн ал да соттолгон.