Жаңылыктар
“Лиграсс трэйдинг” компаниясынын адистери курулуш башталган жерге келишти
Кыргызстан жаңылыктары
“Лиграсс трэйдинг” компаниясынын адистери курулуш башталган жерге келишти

“Лиграсс трэйдинг” компаниясынын техникалык адистери, инженерлери аймак менен таанышып, аларга чейин эмнелер жасалгандыгын көрүү үчүн Жогорку Нарын каскадынын ГЭСтеринин курулушу башталган жерге келишти. Аларга долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык варианты берилди. 

30 күндүн ичинде документтерге кол койгондон тарта, алар Россияга 37 миллион доллар өлчөмүндөгү карызын жабышы керек. Бул акчаны Россия жумушчу шаарчасын курууга жана жер иштерин жүргүзүүгө сарпталган болчу.