Жаңылыктар
Өкмөт: жабыркагандарга каралган жеңилдиктер
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт: жабыркагандарга каралган жеңилдиктер

Өкмөт Ош облусунун жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Чоң-Алай жана Өзгөн райондоруна социалдык объектилерди куруу, жол оңдоо, электр линияларын тартуу, сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн 600 миллион сом бөлдү. 

Мындай маалыматты биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев «Арзан турак-жай 2015-2020» мамлекеттик турак-жай программасын координациялоо маселесине арналган мекемелер аралык комиссиясынын жыйынында айтты. Анын айтымында, калыбына келтирүү боюнча жасалып жаткан иштер ноябрга чейин жыйынтыкталышы керек. 

Ошондой эле жабыркагандарга курулуш материалдарын өздүк наркында жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компаниядагылар кырсык болгон аймактагыларга турак-жай курууга жана калыбына келтирүүгө узак мөөнөттүү жеңилдетилген шартта насыя берүү маселе каралаарын айтты. 

Биринчи вице-премьер-министр Мамлекеттик ипотекалык компанияга, РСК банкына жана Айыл-Банкка тез арада Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн узак мөөнөттүү насыяларды үстөк пайызын төмөндөтүү менен берүү маселесин кароону тапшырды.