Жаңылыктар
УКМК: террордук аракетке бөгөт коюлду
Кылмыш
УКМК: террордук аракетке бөгөт коюлду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан террордук аракеттерди жасоого камынып жаткан 37 жаштагы Ош облусунун Кара-Суу районунун жараны кармалды. Колго түшкөн жаран Сирия менен Ирактагы куралдуу салгылаштарга катышкан. Андан сырткары жардырууларды ишке ашыруу боюнча атайын даярдыктан өтүп, Кыргызстандын аймагында жардыруу уюштурууну пландаган.

Анын жашаган жерин тинтүү учурунда колго жасалган 8 килограмм жарылуучу зат табылган. Ошондой эле экстремисттик мүнөздөгү адабияттар алынган. Табылган жарылуучу зат УКМКнын саперлору тарабынан жеринде жок кылынган. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө амалдары жүрүүдө.