Жаңылыктар
Кыргыз ССРнин эл артисти, профессор Мустафа Ахунбаев жерге берилди
Маданият
Кыргыз ССРнин эл артисти, профессор Мустафа Ахунбаев жерге берилди

Кыргыз ССРнин эл артисти, Кыргыз искусствосунун эмгек сиңирген ишмери, профессор Мустафа Ахунбаев жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болду. Артист менен коштошуу иш-чарасына анын жакындары, маданият кызматкерлери келишти. 

Мустафа Ахунбаев 1935-жылы 12-мартта Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында туулган. 1961-жылы Москвадагы мамлекеттик консерваторияны ийгиликтүү аяктаган. Кийин режиссерлук кесипке ээ болгон. Театрда иштеп жүрүп, «Мефистофель», «Петр биринчи», «Дон Карлос», «Тынч Дон», «Аида», «Верди», «Курманбек», «Сак болгун колукту», «Алтын Кыз», «Евгений Онегин», «Иоланта», «Моцарт жана Сальери» сыяктуу спектаклдерди койгон.