Жаңылыктар
Кыргызстан 1:2 Иран
Спорт
Кыргызстан 1:2 Иран

Баш калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда футбол боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна тандап алуу этабынын алкагында Кыргызстан курама командасы Иран менен менен беттешти. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө атаандаштар топко үстөмдүк кылып, бир нече ирет дарбазага топ киргизүү аракетин көрүштү. 11-мүнөттө Кыргызстан курамасынын оюнчусу Роман Левченко ирандыктардын дарбазасына гол киргизип, командасын алдыга алып чыкты.

Бирок бул кубаныч көпкө узабай, 14-мүнөтүндө Иран курамасынын оюнчусу Реза Шекари эсепти теңдеди. 42-мүнөттө ирандык жарым коргоочу Али Гулизаде гол жаратып, алдыга озушту. 1-таймдын соңунда курамабыздын коргоочусу Аскар Салиев калыстын чечими менен айып кагазын алып, беттештен четтетилди. 2-таймда курамабыз кооптуу делген абалдарды жаратышканы менен гол киргизе алышкан жок. 

Ошенипт "А" тайпасынын биринчи беттеши аяктап, Иран 3 упайга ээ болду. 21-июлда Кыргызстан курамасы Оман менен кез келет. Оюн кечки саат 19:00дө башталат.