Жаңылыктар
Токтогул району: Жээнбеков ирригациялык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты
Экономика
Токтогул району: Жээнбеков ирригациялык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  19-июлда, Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Токтогул районундагы насостук станциянын жана суткалык суу бөлүштүрүүчү бассейндин абалы менен таанышты.

Өкмөт башчы Торкен айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы насостук станциянын абалын иликтеди. Токтогул райондук атайын фондунун жетекчиси Таалай Чотоев маалымдагандай, станция  2016-жылдын ноябрында курулган, азыркы кезде пайдаланууга тапшыруу боюнча жыйынтыктоо иштери улантылууда. Насостук станциянын курулушунун чыгымы  жалпысынан 2,5млн сомду түзөт. 

Аталаган объектини ишке киргизүү менен Торкен айылдык аймагындагы  сугат жердин  аянты 200 гектарга көбөйөт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жакынкы аралыкта аталган насостук станцияны толук кубаттуулукта ишке киргизүүнү тапшырды.