Жаңылыктар
«Бишкек-Ош» автожолу мамлекеттик дирекциясынын башчысы кызматтан алынат
Экономика
«Бишкек-Ош» автожолу мамлекеттик дирекциясынын башчысы кызматтан алынат

Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Бишкек-Ош  унаа жолунун 133-чакырымындагы тилкениин абалын иликтеди.

Трассаны көрүп чыккан соң Өкмөт башчы Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Бишкек-Ош» автожолу мамлекеттик дирекциясынын ишин мурда аныкталган ремонт мөөнөтүн үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн катуу сынга алды.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, «Бишкек-Ош» автожолунун башкы директору  Изатбек Токтомамбетов өз милдеттерин аткарбагандыгы, өкмөттүн тапшырмасын жана ремонт ишинин графигин үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн кызматынан алынат.

Премьер-министр эскерткендей,  мурунку жолу  автожолдун аталган тилкесин иликтөө учурунда ремонт иштери 2017-жылдын  30-майында башталары тууралуу маалымат берилген.