Жаңылыктар
Бишкек — Ош унаа жолунда үч унаа кагышып сегиз адам каза болду
Кырсык
Бишкек — Ош унаа жолунда үч унаа кагышып сегиз адам каза болду

Бишкек — Ош унаа жолунун 460 чакырмында үч унаа кагышып сегиз адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда бүгүн, 20-июлда болжол менен таңкы саат 6.00дө Таш-Көмүр шаарында оор жүк ташуучу МАN унаасы менен Honda Stepwgn жана Honda Odyssey унаалары кагышкан.

"Жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, 3 киши оор жаракат алган. Honda Stepwgn унаасында 6, оор жүк ташуучу МАN унаасында 2 адам болгон. Алардын абалы канааттандырарлык. Ал эми Honda Stepwgn унаасында 9 адам болгон. Алардын сегизи ошол жерде каза болуп, айдоочусу Шамалды-Сай шаардык ооруканасына Тез жардам менен жөнөтүлгөн, абалы оор", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге ӨКМдин сегиз куткаруучусу жана милиция тартылып, машинага кыпчылып калган адамдарды чыгарышкан.