Жаңылыктар
БШК: президенттикке талапкерлердин саны 32 жетти
Саясат
БШК: президенттикке талапкерлердин саны 32 жетти

"Улуу чындык” коомдук фондусунун төрайымы Токтобүбү Таласбаева жана “Дос Береке-1” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын кеңешчиси Дамира Токтосунова президенттикке ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. БШКдан билдиришкендей, экөө тең өзүн өзү көрсөткөн. 

Талапкер болуу ниети менен арыз бергендер мамлекеттик тилден сынактан өткөнүн, 1 млн сом күрөөнү төлөгөнүн, отуз миң шайлоочунун жарактуу колун топтой алганын жана соттуулугу жок экенин ырастаган документтерди тапшыргандан кийин гана расмий талапкер болуп саналат. 

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуну каалаган жарандардын саны 32ге жетти. Алардын бешөөнү саясий партиялар көрсөтсө, калгандары өзүн-өзү көрсөткөн. БШК талапкерлердин арызын 1-августка чейин кабыл алат